Өткөн жумада Баткенде кыргыздар менен тажиктер чек ара маселесинен улам пикир келишпестикке барып, ызы-чуу болгондо, ал жерге бийликтен вице-премьер министр Жеңиш Разаков бир нерсе чеччүдөй болуп жетип барды эле, эл аны катуу сынга алып, айтпаган сөздү айтышып, айтор өлбөгөн эле төрт шыйрагын  калтырышты. Ага кошуп Баткендин губернатору Абиш Халмурзаевди да катуу сынга алышып, төпөштөп койгонго аз калгандай эле түр көрсөтүштү. Көрсө, Разаков менен Халмурзаев  атышуу болуп жаткан жерге көп жакын жолошпой, чек ара бекетине кире  качышкан экен. Мына ушуну  ачык айтып, ызырынгандар көп болгонун ЖМКлар көп чагылдырышты. Кыскасы, Разаков мажирөө атка минер болгондуктан  Баткен эли ага ыраазы болбой , мындан да катуу сындарды жаадыра берет. Ал эми Халмурзаев деген Баткенди эзели жыргатпасы билинип эле калды. Анын чек ара маселеси  менен деле иши  жоктой,  себеби өзүнүн  башка коррупциялык   иштери, сойкулар иштеген саунасы ж.б. былыктары  деле чубап ачыкка чыга баштаган. Эми жооп бере турган кези жакындап баратат окшойт…

Булак:Багыт гезити.