Казакстандын  баш калаасы Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун казак парламенти  жактырды. Парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында Мажилистин 103 депутаты жана Сенаттын 43 мүчөсү мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу  казак ЖМКлары Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирип, “тарыхый чечим” кабыл алынганын айтып жазып чыгышты.

Астананы Нурсултан шаары деп өзгөртүүнү жана Назарбаевдин айкелин тургузуу сунушун 20-мартта ант берип, кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев киргизген.

2019-жылы 19-мартта саат 19.00дө Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кеткен.