Каракол шаарынын тургунун 300 сом карыз үчүн өлтүрүп салышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы 19-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 16-мартта билдирүү түшүп, анда шаардын көчөлөрүнүн биринде бычактан жараат алган белгисиз адам жаткандыгы маалымдалган. Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге тергөө оперативдүү тобу чыгып, көчөдө жаткан жаран курсак тарабына бычактан жараат алгандыгы аныкталган. Жабырлануучу тез жардам кызматы менен Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Бирок, жабыр тартуучу алган жараатынан улам эртеси өзүнө келбей каза болуп калган.

Аталган факт каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен сотко чейин териштирүү иштери башталган.

Тергөө-оперативдүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну К.Дмитрий экени такталган. Андан аркы териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Г.Вячеслав кармалган, ал сурак учурунда аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алган.

Шектүүнүн айтымында, ошол күнү өзүнүн жана каза болгон жарандын үй-бүлөсү менен үйүндө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Бир аздан кийин Дмитрий Вячеславдын аялы менен уруша кетип, анын аялы ага 300 сом бересе экендигин айткан. Алар карызын беришерин айтканына карабай, Дмитрий урушту улантып, ал мушташка айланып кеткен. Мушташуунун жыйынтыгында, Вячеслав ашкана бычагы менен аялын таарынткан Дмитрийди сайып салган.

Кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн Каракол шаардык соту шектүү жарандын баш коргоо чарасын карамакчы.

А 12(1)turmush.kg