Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы расмий түрдө оппозицияга өттү. Бул тууралуу  партиянын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева  тастыктады.

17-мартта мурдагы д епутат Равшан Жээнбеков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып «Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өткөнүн толугу менен колдойм»- деп айткан.

Партия өкүлчүлүгү Р. Жээнбековдун айтканын тастыктады.

17-март күнү Бишкектеги «Медиа Форум» ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы митинг-реквием уюштурган болчу.