Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү: Миграция кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү! Якутск шаарында болгон жагдай боюнча биздин журтташтар оор акыбалга кептелишти. 1, 2 адам үчүн ал жерде эмгектенип жүргөн жердештерибиз жабыркоодо. Андыктан, ким кылмыш кылса жоопкерчиликке тартылсын жана алардын залакасы калган журтташтарга зыяны тийбеши керек. Мекендештерге жардам берип, көмөк көрсөтүү талабы курч турат. Тезинен тийиштүү иш чараларды көрүп, жардам берүүңүздөрдү сурайбыз. “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы, “Замандаш” коомдук фондунун президенти Ж.Молдокматов.

Эскерте кетсек, Якутск шаарынын тургуну мигрант тарабынан зордукталган маалымат месседжерлерде тарап, 200дөн ашуун адам 17-мартта миттинге чыгышкан.

Якутияда 30 миңден ашуун кыргыз жарандары эмгектенет.