Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде билдирди. Атамбаев:

-Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп, ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм. “Сооронбай Жээнбеков, сен жалаң гана партияны, «Айкөл Ала-Тоону» бөлгөн жоксуң. Сен элибизди бөлүп жатасың. Мен «эл түндүк-түштүк болбосун, эл бир болсун» деп сени Оштон, Кара-Кулжадан алып келгем. Сен элибизге жарака кетирип, элди бөлө баштадың. Куран окуганга чейин кирише баштадың. Кеч боло электе токто! Анткени эл деген сел. Эл чыдайт. Бирок канчага чейин чыдай турганын билбейм. Эл бир күнү ойгонсо, аны эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз. 2002-жылы Жээнбеков вице-спикер, агасы Жусуп Жээнбеков губернатор болуп тымпыйып отурган.

“Медиа Форум” ишканасынын жанындагы митинг-реквиемге Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары, саясий ишмерлер да катышууда.