5-канал жаңыланганына көп  убакыт боло элек. Аталган каналга жетекчи болуп Эрнис Кыязов дайындалган. Ал иштин көзүн билген журналист катары ишти алдыга жылдыруу аракетин көрдү. Бул каналга бир катар мыкты журналисттерди тартып, каналдын ишмердүүлүгүн аздыр-көптүр арттырып баштаган. Бирок акыркы учурда аталган каналдын аброю түшүп, артка кете башатаганы байкалды. Буга мисал катары: Илич Кулназаров,  Элиза Нурматова, Айгерим Жанукул кызы, Эрмек Аттокуров, Медербек Мамбеталиев, Сыргак Бактыяров сыяктуу бир топ такшалган журналисттер иш таштап кетип калышты. Көрсө, жетекчи Кыязовдун кылдан кыйкым издеген кыйкымчылдык сапаты бар экени айтылууда. Андай жетекчиге чыдаш кыйын экени маалым. Андыктан, Кыязов, өзүн эр ойлосо, башкаларды шер ойлой жүрүшү керек. Кызмат колдун кири эмеспи.

Булак: Багыт.кг