Ансыз да Бишкектин мэри болуп ызы-чуу, жогорку бийликтин колдоосу менен келген Азис Суракматовдун ысымы кыргыз тарыхына кара тамага менен жазылып калмай болду. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери бир да жолу Бишкектин борборунда гейлер менен лезбиянкалардын парадын өткөргөнгө уруксат берилген эмес. Суракматов болсо 8-мартта ошондойлорго жол ачып берип коюп, эми түштөн кийин “билбей калдык” деп актанып жатат. Активисттер анын кыргызга кылган бул чыккынчылыгы үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты. Мэр болсо креслосун бекем кучактап, жандалбастап олтурат.  Эркек болсо кызматтан кетиши керек. Негизи эле 8-марттагы гейлердин парадынын чоо-жайы терең иликтениши абзел. Себеби, бул маселеде батыштын ролу чоң. Чоң акча ойноду. Мэриянын чоңдору да ал акчаны жакшы эле “чокушу” мүмкүн. УКМК уктабай, мына ушул маселени ачыкташы зарыл.