«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында.

Ал өз сөзүндө буларды айтты:

-Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Өзүбүздүн жарандардын, чет элдик өнөктөштөрдүн, инвесторлордун бийликке болгон мамилеси, биринчи кезекте, сотторго жана укук коргоо органдарына байланыштуу. Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды.

Бир катар жакшы демилгелер соттордун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар бар. Коомчулук, албетте, мындай кырдаалды кескин өзгөртүүнү катуу талап кылат, талап кылууда. Ошондуктан соттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырабыз. 1-январдан баштап жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштадык. Эскиче жашоону каалагандардын каршылыгы, саботаж кылгандар да болбой койгон жок. Азыр да өлкөбүздүн жаңы укуктук мейкиндикке өтүү процесси айрым тоскоолдуктар менен коштолуп келет.

Бүгүнкү курултайда бардык инстанциялардын судьялары катышып олтурасыздар. Сиздерге эл тарабынан өзгөчө жоопкерчилик артылган. Жаңы мыйзамдарда судьялардын укуктары абдан кеңейтилди. Эми сиздер — тергөөчү, прокурор, адвокаттардан мыйзамдын так жана бирдиктүү аткарылышын талап кылууну күчөтүүӊөр зарыл. Реформаны ишке ашырууну кечеңдетүүгө соттор себепкер болбошу керек экенин дагы бир жолу эскерте кетейин. Бизде башка жол жок, алган багытыбыздан тайбайбыз, баштаган реформаны аягына чыгарабыз. Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат. Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз. Албетте, оош-кыйыштар, айрым кемчиликтер болбой койбойт. Аларга жол бербеш үчүн туура чечимдер кабыл алынышы керек. Карама-каршылыктарды жоё билип, мыйзамдарды туура пайдаланып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Көп иштер мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу эмес, уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү аркылуу чечилет. Жогорку соттон Кодекстерди, мыйзамдарды пайдаланууда келип чыккан маселелерди создуктурбай, ыкчамдатып чечүүнү өтүнөм. Реформаны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу иштеринин начардыгынан маселелер көбөйүп кетишине жол берүүгө болбойт. Кандайдыр бир маселе чыкса, соттор, прокурорлор, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кодекстерди иштеп чыккан эксперттер менен биргелешип ыкчам чечиш керек. Ар ким өз көмөчүнө күл тартпай, баарыңыздар бир багытта иштегиле. Жогорку Кеңеш, Өкмөт азыр коомчулуктун пикирин эске алып, мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Бул иш уланышы керек.

Сот системасын каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого буга чейин да тийиштүү чаралар көрүлүп келген жана мындай колдоо уланат.Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат.

2018-жылга карата — 1 млрд 555 млн 958 миң 200 сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт. 2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңешининин жыйынында «Реформа жасоо үчүн эмне керек?» деген суроомо, сот системасынын өкүлү «Саясий эрк жана акча каражаты» деген.

Саясий эрк бар. Каражат да бар. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз.Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу мекендештериме, жалпы элге, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө да кайрылып кетүү зарыл болуп турат.

Урматтуу судьялар!

Бүгүнкү курултайда жаңы укуктук мейкиндикте соттордун иштөө багыттарын аныктайсыздар. Ошого байланыштуу келечекте аткара турган милдеттерди, артыкчылыктуу багыттарды белгилей кетейин.Биринчи, бул албетте сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү.

Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө. Мен силердин баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, силердин катарыңарда «сот» деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес. Аларга коомчулук, жарандар нааразы. Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп,  кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет.

Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан.  Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген. Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда.Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым.

Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган. Муну кандай түшүнсө болот?Баңгилик — бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү.

Баңги зат менен байланышкан кылмыштар — булар оор кылмыштар.

Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар.

Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор — булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот.

Дагы бир кейиштүү нерсе — биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралаары баарыбызга белгилүү. Менин дарегиме иштердин кароо мөөнөтүн создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга жана соттук кыңыр иштерге өздөрү жол берүүдө.

Мисалы, 2018-жылдын декабрь айында болуп өткөн соттук реформа боюнча кеңештин 2-жыйналышында да сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу жөнүндө соттук иштерди айтып келгем.

Анда мага кайрылган  бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген. Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген.

Дагы бир мисал, бир адамды атып, майып кылган кылмышкер тууралуу жазык ишин алалы. Азыр алардын атын-жөнүн айтпай эле турайын. Бул жазык иши 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралган. Бул жети жолу кароонун жыйынтыгында Жогорку сот жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл алган эмес.

Дагы бир кайрылуу, 8 жылдан бери бүтпөй келе жаткан соттук иш тууралуу арыз келип түшкөн. Бул 2011-жылы козголгон жазык иш экен. Бүгүнкү күнгө чейин Жогорку сот тарабынан  бул иш боюнча жергиликтүү соттордун кабыл алган чечимдери эки жолу жокко чыгарылып, ал жаңы кароого жөнөтүлүптүр.  Бирок азыркы күндө ал иш боюнча акыркы чечим чыга элек. Аталган иш кайра эле Жогорку сотто каралышы толук мүмкүн.

Жогорку сот ишти ушинтип кайра кайра карай берген учурлар абдан көп. Бул жерде адам тагдыры болуп жаткан соң, чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм. Келечекте Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигине жергиликтүү соттордой эле иштерди карабастан, өзүнүн негизги вазыйпасы катары соттук тажрыйбаны жалпылоо жана Пленумдун ишин күчөтүү деп тааныш керек.

Адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келген.

2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. 10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген.

Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Заман, мезгил өзгөргөн. Муну, урматтуу сот бийлигинин өкүлдөрү, терең түшүнүшүңөр керек.

Бизде коом ачык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет. Экинчи, сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек. Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш. Мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатууга жатат. Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейм. 2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген. Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым.

Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот.