«Кырк чоро» деген аталышта таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Уюмдун мүчөлөрү «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

 

"Кырк чоро" акцияга чыкты

Опубликовано Govori TV Воскресенье, 10 марта 2019 г.