Адилеттүү, сот системасын орнотпостон өнүккөн мамлекет курууга  болбойт. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте соттор менен жолугушуу учурунда билдирди.

Урматтуу судьялар!

Бүгүнкү курултайда коррупцияга каршы күрөш, судьялардын этикалык жүрүм-туруму,  жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча көйгөйлүү маселелерди карайсыздар.

Судья жогорку деңгээлдеги моралдык-этикалык талаптарды, иште да, кызматтан тышкары жерде да сакташы зарыл.

Судьянын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарында каралган чектөөлөрдү судья өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алышы керек.

2018-жыл ичинде эле жүрүм-туруму кынтыксыз болбогон бир нече судьяларды кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

Судьялар мындан тиешелүү тыянак чыгарат деп ишенем. Сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу процесси уланат.

Бардык судьялар өздөрүнүн жогорку статусун баалап, аларга мамлекет тарабынан зор ыйгарым укуктар менен бирге чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн  терең аңдап, түшүнүүсү керек.

Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш.

Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок!

Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек.

Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына  Хадистерден бир мисалды айта кетейин.

Пайгамбарыбыз «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан.

Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште.

Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот«.

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Мындан сырткары курултайда Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланат.

Тилекке каршы, буга чейин иштеп келген курам натыйжалуу иштерди жасай албады.

Бардык багыт боюнча ишти активдештирүү үчүн бул тажрыйбадан жаңы курам сабак алат деп ишенем.

Кийинки кеӊеш сот адилеттигинин сапатын арттыруу үчүн адилетсиз чечимдерди кабыл алууну болтурбоого жетишет деп ишенем.

Ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүү процессине кийлигишүүгө жол бербей жана сотко кысым көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу зарыл.

Мында Судьялар кеңеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун тиешелүү түрдө аткарууга тийиш.

Урматтуу судьялар!

Сот адилеттигин камсыздоо — өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн түз олуттуу түрдө таасир этет.

Жагымдуу инвестициялык климатка, экономиканын өсүшүнө жана ар бир кыргызстандыктын бакубат турмушуна өбөлгө болот.

Соттук-укуктук чөйрөнү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган реформалардын ийгилигине судьялардын өздөрү кызыкдар болгондо гана жетебиз.

Ошондуктан соттук-укуктук реформабыз кагаз жүзүндө калып калбай, жарандарыбыз „Сот системасы адилет иштеп жатат, соттор ишти адилет кароодо“ деген өзгөрүүнү өз турмушунда реалдуу сезиши керек, билиши керек.

Соттор менен президенттин жолугушуусу Бишкекте мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага ар кайсы инстанциялардан 400гө жакын судьялар катышууда