Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанында Boeing жүргүнчү учагы кулап, 157 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости  жазып чыкты.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча тирүү киши калган эмес. Ал  эми учакта 33 өлкөнүн жарандары бар экени айтылууда.

Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан 08:38де Найробини көздөй чыккан учактын  08:44тө байланышы үзүлгөн.