Сүрөт активисттердин баракчасынан алынды

 8-март күнү Бишкекте феминисттик көз-караштагылардын жөө жүрүшү болуп өттү. Ага экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова баштаган аты таанымал инсандар катышты.
Феминисттердин катарында ЛГБТнын мүчөлөрү да чыгышты. Алар өздөрүн ачык эле пропаганда кылгандыгы кыргыз коомчулугунун кыжырын келтирди.
Айрым жарандык активисттер мындай жөө жүрүшкө уруксат берген шаар мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетүүсүн социалдык түйүндөр аркылуу талап кыла башташты. Ал эми мэрдин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев баары мыйзам чегинде болгондугун айтууда.
Кыргыз коомунда адам укугу деген маселе чындыгында корголуп келет. Бирок ачык эле бир жыныстуулукка пропагандалоону биздин эл жактырбайт. Элдин пикири менен эсептешип, мындай осол кемчиликке жол бергенин моюндап, Азиз Суракматовдун кызматтан кетүүгө эрки жетеби?

https://www.youtube.com/watch?v=Nk37AHwL-kw