Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөcүнүн кесилишинен тартылган видео интернетте талкууга алынды. Анда милициянын формасын кийип колуна таягын кармаган киши жол кыймылын жөнгө салууда түшүнүксүз кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот. «Билими жок кадрлар» десе кээбири инспектор колундагы таягы менен чымынды кубалап жатканын
жазып чыкты.