Бишкекте белгилүү россиялык Black Star Burger түйүнүнүн рестораны ачылды.

Black Star Burger’дин ачылышында аукцион өткөрүлүп, биринчи бургерди Дубайдан келген конок 2 миң долларга сатып алган.

Ресторан өзүнүн кардарларын кабыл ала баштады, бирок расмий ачылышы кийинчерээк белгилүү рэпер Тиматинин катышуусу менен өтөт.

Эң алгачкы Black Star Burger рестораны 2016-жылы бизнесмен Юрий Левитас жана рэпер Тимати менен биргеликте ачылган. Black Star Burger’ге  кара түстөгү кол кап кошуп берет жана тамактарды жасоодо чочконун эти колдонулбайт экен.