Музыкалык жактан жогорку билимге ээ болуп, акыркы төрт жылдан бери чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен жеке ырчы Нурхан Турганбаев менен маек курган элек. Чыгармачылыкта стилин өзгөрткөн Нурхан мырза маектин жүрүшүндө буларды айтып берди.

-Ырчылык өнөрдү аркалап калган себебим, мектепте окуп жүргөн кезимде эле аябай ырдап, кыргыз элине эмгек кылгым келчү. Ошентип белгилүү ырчы агаларыбыздын аткарган ырларын телевизордон көрүп жүрүп, мектепти бүткөндөн кийин борбор калаабыздагы Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин эстрада-вокал факультетине тапшырып, окууга өтүп кеткем. Чыгармачылык жолум ушул жерден башталды. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот эмеспи.  Ырчылык өнөрдү аркалай баштаганымда акча каражаты жагынан аябай кыйналдым. Мунун натыйжасында кафелерде музыкант болуп иштеп жүрдүм. Жалпысынан   “кабак ырчысы” катары алты жыл иштептирмин. Бул мезгилде чыгармачылык жактан бир  топ тажрыйба топтодум деп айтсам болот. Менин тааныштарымдын баары эле чыгармачыл адамдар. Алардын арасында ырчылар да бар. “Нурхан, сен ырдап чыгышыӊ керек”,-деп айтышканда  мен дагы өзүмдүн ырларымды аткарып элге кызмат кылыш үчүн чыгармачылыкка аттандым. Чыгармачылыкка толук кандуу киришкениме быйыл төрт жылга жакын убакыт болуп калды.

 “Күйөрмандарымдын саны күн сайын көбөйүп жатат”

—Алгач “Жалаӊ кыздар жана мен”-деген ырымды жаздырып, клип тарттым. Бул ырдын сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго таандык. Обонун болсо Сьездбек Искеналиев чыгарган. Бул ыр чыккандан кийин интернет аркылуу бир топ чакыруулар болду. Ошон үчүн чыгармачылыкка кадам таштаткан ушул ыр болду деп айтсам болот. Сьездбек байке менен азыркы кезге чейин чыгармачылык байланыштамын. Учурунда жардам бергени үчүн ага тереӊ ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Кийин  “Мен эми сүйбөс болдум”, “Сапсары”, “Адина” , “Жубайыӊды ыйлатпа” аттуу ырларды жаздырдым. Аткарган ырларым сапаттуу болгондуктан күйөрмөндарымдын саны күн сайын көбөйүп жатат. Мен ырды тандаганда көбүнчө сөзүнө басым жасайм. Эгер өзүмдүн жазган сөздөрүм жакпаса күчтүү акындарга текшертем. Андан тышкары ырдын аранжировкасына көӊүл бурам. Анткени музыка элдин маанайын көтөрүп, же тескерисинче түшүрөт эмеспи. Көӊүлүмө жагып калса ырдын темпине карабайм. Ачыгын айтканда  аткарган ырлары социалдык баракчалар аркылуу элге жетип жатат.

“Өзүм тапкан акчаны чыгармачылыгыма жумшаймын”

—Клип тарттырганда айрым актёрлордун эмгегин баалап гонорар төлөп берүүгө туура келет. Айрымдар болсо мени чыгармачылык жактан колдоо максатында бекер эле тартылып беришет.   “Жалаӊ кыздар жана мен” деген ырымдын клибин тарткан учурда кыздарга кастинг деле кылган эмесмин. Эми кастингди белгилүү ырчылар кылат да. Бул ырдын клибине жалаӊ досторумдун тааныш кыздары тартылышкан. Продюсер менен иштешүү  чыгармачылык жактан өнүгүүгө бир топ эле түрткү берет экен.  Чыгармачылыктагы Марс, Дони деген досторумдун продюсери Назгүл Жамгырчиева жардам берип жүрөт. Алардын баарына ыраазымын. Ыр жаздырып, клип тарттырганга акча каражаты жагынан ата-энем менен бир туугандарым колдоо көрсөтүшөт. Анан өзүм дагы алты жылдан бери музыкант болуп иштегендиктен банкеттерге атайын буйрутмалар менен чакыргандар көп болот. Негизи эле өзүмдүн эмгегим менен тапкан акчаны кайра эле чыгармачылыгыма жумшаймын. Тойлорго болсо элдин каалоосу менен чыгып жатам.

“Бош учурумда досторум менен футбол ойноймун”

—Чыгармачылыкта азыркы кезде күчтүү обончу, композиторлор менен иштешип жатам. Өзүмдүн да чыгарган обондорум бар. Буюрса, ал обондорумду учуру келгенде күйөрмандарыма тартуулаймын. Чыгармачылыктан тышкары өзүмө керектүү иштер менен алек болом. Бош учурумда болсо досторум менен футбол ойноймун. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришкендиктен азыркы кезде кафедеги ишимди токтотуп коюп, жалаӊ жаӊы ырларды жаздырып жатам. Музыкалык аспаптардан комузду бир аз чертем. Аккордеонго да көптөн бери кызыгып жүргөндүктөн “сатып алсамбы?” деп ойлонуп жүргөн элем. Туулган күнүмдө тааныштарым аккордеон белекке бере турганын угуп аябай сүйүнүп жатам.

 “Акыры жүрүп стилимди өзгөрттүм”

—Чыгармачылыктагы эӊ негизги максатым-кыргыз элиме жагымдуу ырларды тартуулоо. Мындан тышкары белгилүү ырчы катары ыр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө да ээ болуу-бул менин эӊ бийик максаттарымдын бири экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Чыгармачылыкка аралашкандан бери өзүмдүн стилимди табыш үчүн көп эле стилисттерге барып жүрдүм. Айпери Суранчиева деген менеджер дагы мага көп ушул жагынан да кеӊешин айтып калчу.  “Кыргыз элин кызыктырган кандай стиль менен чыгам?” –деп ойлонуп жүрүп, акырында Марс, Дони деген досторум менен сүйлөшүп азыркыдай стилге өттүм. Бул стилдин негизинде мейли концертпи, тойбу, же эфир болобу  шапке кийип, көз айнек тагынып элдин алдына чыгамын.

 

                                                Маектешкен:  Нуркемел  ИСАЕВ