Таза турган коомду былгытып турчулар бар эмеспи, биздеги ошондойлор Бакиевдерди актап гезиттерге маек куруп, макала жазып, кандай да болбосун аларды актоонун аракетинде болуп жатат. Эмне, чын дилден ошентмек беле, тигилерден алган акча жакшы «кычыштырып» атпайбы. Эми андай акчага сатылган наадандарга кеп жукпайт, алган акчасы эч кандай кепти жуккус кылып салган эмеспи! Экинчиден, алар Бакиевдерди мактап атып асманга алып чыкса да аларыӊ элин сатып кеткен, элин атып кеткен, элин жеп кеткен айбандарбы же наадандарбы катарында сыпатталат. Өмүрү өткөнчө ошол ат аларды куткарбайт, ошол сынынан кенедей да түшпөйт!

Бу Бакиевдер дегениӊ адамдардан башкача бир жаралган жан экен, кыргызга кылгылыкты «жакшы» кылды. Бүтүндөй бүлөсү менен бийликти ээлеп, ошол бийликтин мыйзамдардын негизинде эмес, кара көӊүлүнүн негизине салып башкарышты. Адардын «кара көӊүлү» айбандардыкынан алтымыш эсе ашып түшчү көрнүш болот тура, булар кылбаганды кылып, жасабаганды жасып турушту!  Каяша айткандардын кеээ бирин  өлтүрүштү, кээ бирин чет жерге куушту, бу жерде калганарынын «үнүн бууп» салышты! Анан мамлекеттен кууларда жүзгө чукул азаматтарыбызды атып кетишти! Анан ушундай бүлөнү кантип жактайбыз, кантип актайбыз?! Акча үчүн ата-бабасын, койнунда жаткан катынын да саткандар чыгат экен да!..

Бүгүнкү күндө Курманбек Бакиев деген жексур Европадагы акыркы диктатор Лукашенконун колтугунда жашап жатат. Лукашенко аны бизге бербейт. Анткени, бу Лукашенко деген ченемсиз көпкөн диктатор Кыргызстан деген кичинекей мамлекетти мыйзам-сыйзамы менен кошуп туруп уруп койбойт.

Лукашенконун Белоруссияны башкарагына отуз жыл чамалап калды. Азыр ал: «Эмдиги президенттик шайлоого барам. Барбасам, мени коркуп жатат деп ойлоп калышпайбы» деген куйту сөзүн айтып турат. Ал президенттигин сөзсүз улантат… Лукашенко деген дикетатор турганда Бакиев бул жакка алып келинбейт… Айтып эле келатам, дагы айтам: кыргыздан бир бычакка сап жигит чыгып Бакиевдин «эсебин таап» келгенден башка айла жок! Негизи, чагылгандай чарт тийе албаган мокок элбиз да… Биздин ордубузда грузиндер же еврейлер болсо, Бакиевдериӊ небак жооп бербейт беле…

Бизге белгилүү болгондой Максим Бакиев чет жерлерге 300 миллиондон ашык долларды чыгарып кеткен. Ошонун 4,6 миллионун Америкада изи табылып, алар  бизге кайтарып берип жатат. Аны айтып түгөтө албай жатабыз…  Эгерде Америка жакшы көӊүлдөнсө далай миллиондор кайтары бышык! Эми Америка, Англия менен ар кандай варианттагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

Ар бир ак дил кыргыз качандыр бир Бакиевдер жүзүкаралыгы үчүн жооп берерине ишенет!

       Баратбай АРАКЕЕВ