2016-жылдан бери абакта жаткан Текебаевдин иши 23-апрелде жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотто карала турган болду. Кыязы, бул ирет карт саясатчы акталат өңдөнөт. Бирок ал ушу абакта жатып, “тескери учкан жагалмайдын” образын сөз жүзүндө көп көрсөтчү болду. Эзелтен душмандашып келген Мадумаров аны 60 жылдык мааракесинде  мактап койсо, ага жооп кылып, укмуш мактады. Адаханды Кыргызстандагы эки саясатчынын бири деди. Эми болсо абакта жатып алып, эски досу Атамбаевди көкөлөтө мактап, жалпы коомчулуктун оозун ачырып койду. Бирок канткен менен ТӨЧ адамды бекер эле мактабайт. Анын мактоосунун артында да көптөр түшүнбөгөн кандайдыр бир саясат болушу мүмкүн.  Бул жагын убакыт көрсөтөөр.

Булак:Багыт.