Бир кезде өзүн Ош шаарынын “түшпөс ханы” сезген Мелис Мырзакматов мамлекетке кыянатчылык кылып, кызмат учурунда өзүнүн бир топ жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып алып,  ал иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүдөн коркуп, Бакиев байкесинин жолун жолдоп качып кеткен. Андан бери  4-5 жыл өтсө да, Кыргызстанга келе албай, башка мамлекетте сагалап жүрөт. Ошондой болсо да арам жол менен топтогон акчасы мол эмеспи. Ошол акчасы менен өзүнүн “Улуттар биримдиги”  партиясын алдыдагы шайлоого карата кыймылдата баштады. Мырзакматовдун бул партиясы өткөн шайлоого да катышып, эч кандай  ийгилик жаратапай ит эле болгон болчу.  Азыр да “Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп  партиянын катчылыгына келгенине аз эле болгон Клара Сооронкулованы дайындады. Сооронкуловага эмне? Соодасы өтсө болду да. Мырзакматовдун партиясында элге танылгандардан Клара айымдан башка Сулайманов Кайыпов эле жүрөт. Кыскасы, Мырзакматов партиясын жанданткандан көрө мыйзам алдында таза экенин далилдеп алса болмок. Ал ортодо анын пайдасын көрүп калган кошоматчы, жугундукорлор ЖМКларда, соцбаракчаларда  кошоматка кой союп,  качкынды сындагандарды ажылдап талап башташты. Эми аларга сөөк болсо болду да, кимге болсо жулуна беришет эмеспи.

Булак:Багыт.