Бүгүн, 6-мартта КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды.

КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты. Анткени КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин Карыпбеков жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет.

1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн.

КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.