Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду.
Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган. А.Сабырбеков Төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопту кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы