Абал  ушул…

Банктан 5,5 млн сом кредит алып, анан анын 4,800 млн сомун төлөбөшкө мыйзам чыгартып алган Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ошол былык иши билинип калгандан кийин коомчулугубуз аны катуу сынга алып турушту. Биздин гезит дагы эки-үч ирет жаздык… Анан ошондон далай убакыт өтүп, Абдыгулов толкундана айтып турат: «Менин каражатымды Генпрокуратура текшерди, мен эч нерсе жашырбай банктагы эсептертимди ачып бердим. Кредит боюнча кылмыш ишин табышкан жок. Ошондой болсо да банктын, өзүмдүн кадыр-баркымды кетирбеш үчүн кредитти толук төлөмөй болдум» деп. Айтканы да курусун, андай эле акдил экен,  Генпрокуратура текшере электе эле «кой, кредитти алганым моралдык жактан туура эмес экен, төлөп берейин» дебейби. Жок, анткен жок. Анткени, коомчулуктан сын кеп уга элек эмес беле…

Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын төрагасы.

Эми банк берген ошол кредитке келели. Ал эмне деген шумурай шумдук мыйзам, «банктын төрагасынын 4 миллион 800 сомун кечип коёлу» деген. Мындай мыйзамды эмненин негизинде чыгарышкан?! Болуптур, кайсы бир мекеменин, кайсы бир кызматкерине жардам иретинде 20  миӊ сом, 40 миӊ сом, мейли, 100 миӊ сом жардам берилсин, анан эле 4 миллион 800 сом деген эмне деген шумдук жардам?! Мына, дал ушул жерде коррупциялык схеманы ойлоп табышкан. «Боорукер» болушуп, «гумандуу» болушуп, кызматкердерге «күйгөн» болушуп… элдин эбегейсиз чоӊ суммадагы акчасын бирөөнө кармата берип жатпайбы!  Андай эле берешен болушса, эмне үчүн банктын карапайым кызматкерлерине миллоин сомдук жардамдарды беришпейт?! Эмне үчүн миллион сомдук жардамды ансыз деле 120000 миӊдеген айлык алган банктын төрагасына берилет?!  Ушундай абийирсиздик! Банктын төрагасынын түштөн кийин келип алып, «мен ак элем, мен таза элем» деп элдин жинин ого бетер кайнаткандын эмне кереги бар?! Ал канча актанбасын уяты жок экени билинип калбадыбы! Эми аны эч нерсе менен жаба албайт. Мейли, миӊ ирет, мейли, сан ирет актансын, эми ал таза адам боло албайт! Бир ирет ачкөздөнгөнү бир өмүргө жетип берет…

Бизде каалагандай айлык коюп алып жүргөндөр толтура. Маселен Мамлекеттик ипотеканын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин  айлыгы 100 миӊден ашык, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эрик Асырандиев да толгон акча алат, Энергохолдинг дегендин чоӊу Азамат Абдыкадыров 100 миӊ сом алат. Баса, бул холдинг деген мукрунку Энергетика министрлиги болгон мекемеде иштемиш эткен 50дөй киши 80-90 миӊге чейин айлык алат экен! Эгерде ушул сыяктуу ишканалар менчик болсо, каалаган акчасын коюп алып, маа демектен, акчанын астында калып өлсүн, бирок, аталган ишканалар мамлекеттики да. Анда эмне үчүн алардын айлыгын мамлекет эсебин алып,  ченеп бербейт?! Мугалимдердин, врачтардын айлыгын кара да тиги шүмшүктөрдүкүн кара?!

Мектеп мугалимдери эӊ сыйлуу, айлыкты эӊ көп алган кесиптеги адамдар болушу керек эле. Анткени, мугалим деген балага «а» деген ариптен баштап бүтүндөй билимдин пайдубалын түптөйт, орнотот, ал иш эбегейсиз эмгекти талап кылат, балдарды «кой-ай» деп олтуруп мээӊден эч нерсе калбайт… Сөз кыскасы, азыркы балдардын окутуу тозоктун тозогу го бир! Андыктан мүмкүнчүлүк жетишинче мугалимдердин айлыгын көбөйтүп, урмат-сыйга чулгап турушубуз керек!

Жөн эле, кыргызча эле салыштыралы да: мугалимдер орточо 6000 миӊден 10000 миӊге чейин айлык алат дейли. Ал эми депутаттар 35 миӊден 70 миӊге чейин алат. Мугалим керээли кечке мектепте, түйшүгү түмөн, окуткан балдарына жоопкер, окуучусу тентек кылса да жоопкер, жаман окуса да жоопкер… Депутатыӊдын көбү  түшкө чейин ишине келип, кээси уктап олтуруп кетет, алдында машина, атайын догдурлар көрөт, жайында чалчактай эсалат. Анан эч нерсеге жооп бербейт. Мыйзам менен алышып, жоопкерчилик менен иштеген аз эле депутат бар… Атаганат, колдо болсо, мугалим менен депутаттын айлыгын теӊдеп койсо… депутаттыгын азайтып, мугалимдикин көбөйтүп дегендей…

Кийинки убакта Батыштын жаман жосундарын мыйзамдаштырып олтуруп, кыргыздын кылымдап келаткан салт-санаасынан айрыла баштадык, нечен бир ыйык делген сапаттаран айрылып жатабыз. Биринчи иретте, улууну сыйлоо деген калып барат. Мектеп окуучусу мугалимин кудайындай көрүш керек эле, азыр болсо аны тоотпойт, айтышат, керек болсо мушташа да кетет. Мугалим а баланы кичине эле тилдеп койсо, балээге калды! Ушул айбандыкты кантип жоготобуз?! Бир айла кылып мындай жосунсуз жорукту жоготуш керек! Батыш бизге акча берип ыйык делген салттарыбызды бузуку сапаттарга айландырып жатканын түшүнбөйбүзбү эмне?! Акчага алданып айбан кейпин кийе баштаганыбызды качан түшүнөбүз?! Эмне, айбан болуп бүткөндөн кийинби?! Акылга келиш керек, акчасын урганыбыз жок! Акча табылат, ал эми жоголгон ыйыктыкты таап көр, чачыӊды башыӊа кошуп жулсаӊ да таппайсыӊ?!

Баратбай АРАКЕЕВ