Франциянын Bugatti компаниясы Женевадагы автосалондо La Voiture Noire деп аталган гиперкардды сунуштады.Анын  баасы 11 миллион евро. Бул тууралу компаниянын сайтында кабарланат.

Bugatti компаниясынын 110 жылдыгына арналган машина дүйнөдөгү эң кымбат унаа деп аталууда. Мындай унаадан бирөө эле чыгарылып, сатылган. Ээсинин аты-жөнү сыр экени айтылды.

La Voiture Noire бардык деталдары жогорку квалификациядагы адистер тарабынан колго чогултулган.

Автоунаа 8 литр кыймылдаткыч жана 16 цилиндр менен камсыздалган.