Учурунда актёр катары кинолордо образ жаратып жүрүп, акырында кинорежиссёр катары элге таанылган  КРнын эмгек сиӊирген артисти Бакыт Мукулду кепке тарттык. Кеп кезегинде Бакыт мырза кинотармагына байланышкан айрым курч  суроолорубузга дагы  ачык-айкын төмөндөгүдөй жоопторду да берди.

 —Бакыт мырза, алгач маегибизди “Аталар керээзи” көркөм  тасмасынын жалпы ийгилиги боюнча сөз кылсак…

 

 —“Атанын керээзин”   кыргыздын чоӊ ийгиликке жеткен  киносу  деп айтсак болот.  Бул кино менен   Биз 31 эл аралык кинофестивалга катышып  27 сыйлык алдык. Маселен, бир эле  Монреалдагы А класска кирген абройлуу кинофестивалдан дебюттардын арасынан “Золотой зенитти” уттук.

Бул сыйлыкты  Кыргызстандан эч ким ала элек болчу.    А класска катышкан кинолорду бардык жерде сурашат экен. Монреалдан кийин бизге Оскардан  да кат келди. Барган жерлерибиз тууралуу маалыматтарды  башында фейсбукка жарыялачу элек. “Буларга барган сайын сыйлык бере беришеби? деп ойлошпосун деп кийин жарыялабай да калдык.

—Аталган көркөм тасма канча каражатка тартылды эле. Өзүн бир канча эсе актаса керек да… 

 — Каражат жагынан Дастан экөөбүздүн эмгегибиз көп болду. Бир жыл сценарийин жазсак, экинчи жылы акча издедик. Үчүнчү жылы бизге кинодепартаменттен 2 млн. 200 миӊ сом бөлүндү. Андан сырткары өзүбүз 70 миӊ доллар короттук. Тасма өзүн актагандыктан учурунда карыздарыбыздын баарынан кутулдук. Ооба, өзүн толугу менен актап, бизге жакшы эле пайда алып келди. Италиядан биздин кинону прокат  кылуу боюнча бир компания утуп алган. Алар менен 2 жылга келишим түзгөнбүз. Келишим боюнча биз ал компания прокат кылып бүтмөйүнчө биз чыгара албайбыз. Эми ал келишимдин мөөнөтү бүтүп калды. Азырынча ал прокаттын жыйынтыгын көрө элекпиз. Негизи элге көрсөтсөк жакшы болот эле. Азырынча убактысын айта албайм, бирок быйыл элге көрсөтүүнү максат кылып жатабыз.

—Бул кинону тартканыңарга 4 жыл болуп калыптыр. 4 жылдан бери кино тарта элексиңер. Жаңы  киного качан киришели деп жатасыздар?

 —Негизи  киночулар арасында: “Ким мыкты кино тартып, маарага чыгып келсе, бюджеттен берилчү акчаны ошол режиссёрго токтоосуз  берели” – деген сөз бар эле. Бирок иш жүзүнө келгенде ал сөз турмушка ашпай эле калат да. Биз сыяктуу маарага чыгып келгендер бюджеттен бир эмес, экинчи жолу алып башташты. Кыскасы, бизге кезек жетпей жүрүп  быйыл бюджеттен жаңы кино тартууга каражат бергени жатышат.  Азыр биз “Акыркы көч” деп аталган толук метраждуу кинонун сценраийди жазып бүттүк. Кыскача мааниси жаңы цивилизация менен көчмөн калкынын кагылышы. Маселен, көп кабат бийик үйүдүн так чокусуна боз үй тигип алуу маселесине кандай карайсыз? Кептин баары мына ушул маселеде. Азыр баарын ачыктабай турайын. Бирок философиялык мааниси бар жакшы сценарий жазылып бүттү. Азырынча бул кинону тартууга биз 10 миллион сом сурап жатабыз. Канча беришет, аны билермандар билишет да. Негизи 10 миллион сом менен да өзүбүз каалгандай кино тартуу кыйын болуп турат. Эми иш жүзүндө да баарын байкаштырабыз да.

—Актёр, режиссёр  катары мамлекет эмгегиӊизди кандай баалады?

 —Эмгек сиӊирген артист наамын 52 жашымда алдым. Негизи мындай наамдар 30 жашыӊда берилиши керек. Чыгармачылыкты 21 жашымда баштагам. Бирок, мен учурунда наамга кызыкпай “жакшы эмгек жасашым керек”  деп ойлонуп жүрчүмүн. Бул наамды алганга чейин Ардак грамотага көрсөтүлгөм. Ошондо:  “Мындай сыйлыкты клубдун башчылары деле алып жатпайбы.  Дүйнөлүк сыйлыкты алып жатсам шылдыӊдаганыӊарбы?” деп тамашаласам  Ак үйгө чейин жетип калыптыр. Быйыл Чыӊгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты алганымда аябай кубандым. Дастан экөөбүз мындан кийин да ылайыгы келсе чогуу тасма тартып кызматташа беребиз. Дүйнөлүк практикада деле онго жакын режиссёр, үч оператор биргелешип тасма жараткан учурлар көп эле кездешет.

—Кыргыз киносундагы коррупция тууралуу ачык  сүйлөшөлү. Бул тармакта канчалык деӊгээлде коррупция бар экенин мен айтпасам да сиз билесиз. Ошону колдон келишинче ачык айтып бере аласызбы?

 —Эми муну киночулардын баары ачык айтпайт да. Негизи ачык жүрүш керек. Анан ачык айткан киши жаман көрүнүп калат экен. Коррупция бүгүнкү күндө кинодон сырткары башка тармактарда деле кездешип жатпайбы. Өзүбүз кичинекей эл болсок. Киночуларыбыз деле аз. Ушул ченелүү бюджетибизге түшкөн акчаны эки жакка тартып кетебиз да. Мындай учурда жеке мамиле, тааныш-билиштик,  жердешчилик, кошоматчылык  деген болот экен. Мына ушундай жагымсыз көрүнүштөрдүн айынан кыргыздын жакшы кинолору тартылбай калып жатпайбы. Бизге келген акчаны жылыга үч  киного бөлүп беришсе  жанагыдай кошоматчылык, коррупция дегендер жоголмок да.

—Сиздер сунуш кылып бир киного 10 млн. сом бөлүнгөндө деле ошонун баары режиссёрдун колуна тийбейт да. 20% дегени бар. Андан тышкары “тиге-буга” деп отуруп бир топ акча кармалып калат да. Буга эмне демекчисиз?

 —Мен мамлекеттин толук акчасына кино тартып көргөн эмесмин. Бирок тартып жүргөндөрдүн айтуусу боюнча  “Кыргызфильмдин техникасынын амертизациясына” деп акча кармашат экен. Бул туура эмес да. Андай акчаны каякка жумшашарын билбейт экенмин. Мисалы, 10 млн. сомдун 2 млн. сомун алып коюшат деген кеп да… Эми бизде кинонун өнүгүү шарты туура эмес болуп жатат. Бир адамга суткасына 200 сом каралган. Бул эмнеге жетет? Эл артисттерине башкы ролдо ойногондугу үчүн сьемкада күнүнө 1000 сом, ал эми массовкага катышкандарга 500-700 сом каралган. Биздин тармактын жетекчилери ушуну ойлонушу керек да. Биздикиндей көркөм  тасмалар чет өлкөдө болбоду дегенде 5 млн. долларга тартылат.

—Мукталы Бектеналиев киночулардын тили менен айтканда “түшпөс хан” да. Анын “крышалары”  Жогорку Кеӊеште, Ак үйдө, Көк үйдө бар экенинен маалыматыбыз бар. Кино департаментине бөлүнгөн акча каражатын каалагандай калчай турганын да билебиз. Силерге ушундай нерсе жагабы? Же сырттан карап туруп сооп болот  деш керекпи?

 —Көрдүӊүзбү, ушундай адамдарды тартипке келтире албаган “силерге чала” деген сөздү силер айтып жатасыӊар. Мен ушул тууралуу мындай анализ жүргүздүм да. Буга кесиптештерим деле таарынып калышы мүмкүн.  Эгерде өзүӊө ишенсеӊ эч кимди карабай туруп  иштесеӊ болот да. Бирөөнүн коррупциясына да карабайсыӊ. Ушундай кишилер көп болсо  азыркыдай система жоголмок. Бизде өзүнө ишенбеген режиссёрлор болуп жатат. Анткени жазган сценарийлери жарабайт. Анан жарабаган сценарийге акча берилбейт да. Ошон үчүн алар “кетсин” деп айта алышпайт. Тескерисинче жанагыдай жетекчилердин кызматта отурганы алар үчүн жакшы болуп жатпайбы. Дегеле кино тармагына жетекчиликке маданияттан маалыматы адам келбеши керек. Эгерде кинону түшүнгөн киши жетекчи болуп келсе сапаты начар сценарийлерди  “бул эмне?” деп ыргытып жиберет. Ким кино жаатында ийгилик жаратып жатса, ошого акча бөлүнгөндө гана иш алдыга жылат. Эми Мукталы Абдыбековичти колдоп, күч менен кармап жаткандар бар да. Ал  өзүнчө бир маселе. Анан кантип коррупция жок деп айта алабыз?..

—Кино тартууда жердешчилик көбүрөөк роль ойноп жатканы маалым болду. Иликтөөлөргө караганда таластык режиссёрлор көбүрөөк акча алышат экен.

 —Көбүрөөк эмес эле эки жылдан бери ушулар алды. Бул жамандагандык эмес. Баарынын тизмеси бар. Алар мени “айтыптырсыӊ” жаман көрүшү мүмкүн. Айтпаганда эмне кылышым керек эле? Бул чындык! Мен бул маселе боюнча министрге  “Мен тарта турган кинонун маселесин чечип бериӊиз” деп кайрылдым. Буюрса бул маселе чечилип деле калды.

—Буга чейин Болот Шамшиев баш болгон аттуу-баштуу режиссёрлор кино тартканга  чоң  акча алышкан экен.  Бүгүнкү күнгө чейин алар тарта турган кинодон , же бөлүнгөн акчадан дайын жок болуп жаткан экен. Буга сиздин пикириӊиз кандай?

 —Мындай учурлар көп эле кездешет. Булардын баары текшерилсе эч ким калбай баарыбыз эле соттолуп кетебиз го. Мен билгенден андай акчаны көп эле режиссёрлор алган. Сен айткандай бир топ эле кинолор тартылбай калган экен.  Ошол эле Болот Шамшиев “Жаңгак токоюна”  бир  топ акча алган. Мындан тышкары Замир Эралиевди, Бакыт Карагуловду жана башкаларды айтсак болот. Катуу көзөмөл жок болсо ушундай болот да. Же биз мамлекетке баш ийбеген уюм окшойбуз. Мындай коррупциялык көрүнүштөрдү кандай кылып жаап, кандай кылып аш кылып жүрүшөт, мен аны түшүнө албайм.

—305 мүчөсү бар Кыргызстан кинематографисттер союзу кандай иш кылып жатат? Жүргүзүп жаткан ишине купулуңуз толобу?

 —Толот деп айта албайм. Катуу айтканда, аты эле бар. Затын көрө элекпиз. Жакында  Айбек Дайырбеков төрага болуп шайланды. Эми Айбек кандай иштейт, убакыт көрсөтөт. Ага чейин Кулмендеев, Садык Шернияздар төрага болуп иштешти. Бирок кандай иштегенин, эмне иш кылганын мен айтаалбайм. Бул сою деле кинодепартамент менен  кинону алдыга жылдыруу боюнча жакшы аракеттерди кылса болот эле да. Бир нерсе айтсаң, союздун жумушу деп четке да чыга беришет экен.  Менимче, төрага катары кызматтык иш бөлмө үчүн шайланышат окшойт. Себеби, союздун төрагасынын Кинодепартаментинде мурун Айтматовдун иштеген кеңсеси бар да.

Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ.