Президент Жээнбеков эки жылды катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Өткөн жылы өлкөбүздүн аймактарынан өнүгүүгө карай бет алган көрүнүштөрдү деле көп байкай алган жокпуз. Быйыл деле чоң жылыштар болоору күмөн. Аймактарды өнүктүрүү десе, өкмөт деле, депутаттар, министрлер, президенттик аппараттын билермандары көрүнгөн тоонун башын айтып жатышат. Талдай келсең, алар айткан сунуштардын көбү реалдуу эмес. Биз бир эле маселени мисалга алып айталычы. Аймактарды өнүктүрүү делген соң, өнүктүрүү иши сөз жок борбор шаардан алыс, шарты катаал, кышы кеч келген өрөөндөргө басым жасалышы керек. Маселен, башкасын айтапганда да Нарын, Ат-Башы, Жумгалда ит өлгүдөй суук. Быйыл да суук жылдагыдай 30 -35 градуска жетти. Бул аймактардын борборлорундагы көп кабат үйлөр ашып кетсе 5-6 кабатка жетет. Суукка тоңуп калбоонун амалын кылган мекендештерибиз айласы кетип кабат үйлөргө меш коюп, керней-морлорун балкон-терезелеринен чыгарып алышкан. Ошентип кыш чилдеде кабат үйлөрдүн ар бир терезе-балкондору өзүнчө эле кара түтүн чыгарып, ТЭЦке айланат. Бийликтин бул көрүнүшкө башы да оорубайт. Эгер бийлик чындап аймактарды өнүктүргүсү келсе мына ушул маселеден баштап, Нарын шаарынын жана райондордун борборунун кебетесин кетирген керней-морлорду иретке келтирүүдөн, анын башка стандарттуу жолун табуудан баштабайбы?

Булак:Багыт кж.