Белгилүү  окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Теңдик Аскаров узакка созулган оорудан улам кеч күнү  82 жашында  дүйнө салганын УИА билдирди. Маркум  Аскаров 1937-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында жарык дүйнөгө келген.

Эмгек жолунда Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Жазуучулар союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР Улуттук илимдер академиясынын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда иштеген.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

400дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору.