Бул тууралуу маалыматты айрым ЖМКлар жазып чыгышты. Маалым болгондой Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев мурдагы бийликтин тушунда Корумду-Балыкчы жолунун курулушу боюнча бирин-бири коррупцияга байланыштуу айыптап,  пикир келишпестикке барышкан. Ошондон көп өтпөй Сариев премьерликтен, Малабаев министрлик кызматтан кеткен. Аларды жараштыруу демилгени боюнча парламенттин мурдагы спикери Медеткан Шеримкулов демилгелеп, айыл аксакалдары колдоого алышкан.  Сариев менен Малабаев кол алышып, көкүрөк тийгизишип жарашканы айтылууда. Эске сала кетсек, Малабаев жакында кырсыктаганы маалым