Окуя 1-мартка караган түнү болгон. Кирпичный айылынын тургундары — 38 жаштагы Ю.Г жана 40 жаштагы Н.Р. балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголуп кеткен. Жубайлардын кайыгы 2-март күнү Дархан менен Саруу айылдарынын ортосундагы суудан табылып, бирок ээлери кайыкта болгон эмес. Учурда Бишкектен суучулдар издөө иштерин улантууга кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы  билдирди.