Бишкек шаарындагы көчөдөн кичи автобус мектеп курагындагы баланы сүзүп кеткени видеорегистратордун камерасына түшүп калган. Күбөнүн айтымында, окуя бүгүн, 4-мартта саат 08:00 чамасында Жукеев-Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болонун turmush.kg жазды.

Жабыркаган баланы №3 балдар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Ал оор жаракат алган эмес.