Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси Токтосун Сабыров өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Аталган буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду .Президенттин башка буйругу менен Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды.

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттеги биринчи адамдарды кайтарат.