Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко билдирди.

Ал соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп саналат. Учурда аталган комиссиянын 21-жыйыны Бишкекте өтүүдө.

Учурда В.Путиндин  мамлекеттик сапарына карата даярдык иштери жүрүүдө.