Учурда фейсбукта  Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабековдун премьер-министр М. Абылгазиевге көп катасы менен жазган каты талкуу жаратты. Социалдык тармактын колдонуучуларынын көпчүлүгү төрагынын сабатсыздыгын, дегеле ЖКда баары сабаттуу эмес деп сындашты. Бирок айрымдар бул катты «фотошоп» экенин белгилешүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу  учурда аталган кат текшерилип жатканын билдирди.