«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары 18 миң 600 жол эрежесин бузган фактыны аныктады. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, эреже бузуулар боюнча айыппулдар төлөнбөйт деп чечилди.

Бул ИИМ “Тартип бузуу” жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду демилгелегени менен байланыштуу. Анда автоунаа ээлери айыппулду он күндүн ичинде төлөсө, жазанасы 50%чейин кыскарат деген тактоо киргизилгени турат.

Саркулов билдиргендей, мыйзам кабыл алынган жана жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Башкача айтканда 4-марттан кийин катталган эреже бузуулар боюнча автоунаа ээлеринин даректерине кат-кабарлар жөнөтүлө баштайт. Бул эреже бардыгына бирдей иштеши үчүн буга чейинки айыппулдар толук кечилет.

12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча көпчүлүк айдоочулар бул порталда эреже бузуу фактылары тууралуу маалымат жок экенин айтышууда.