Кыргызстандын аймагында март айында абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 4…7° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 1…3° жылуу болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күнүндө болушу мүмкүн.

Айрым күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин, күндүз 8…13° жылуулуктан 15…20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын көлөмү нормада болот.

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 3…5° жылуу болушу күтүлөт. Айдын башында айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 7…9°, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуулуктан 6…11º жылуулукка чейин, күндүз 10…15° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2° суук, 3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан 1…6º жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 0…2º жылуу, Кочкор районунда 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…5° жылуу болот. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, Кочкор районунда 10…15° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Алай өрөөнүндө

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -7…-9º суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз -3…-8° сууктан 0…5° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Суусамыр өрөөнүндө

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө күтүлүп, түнкүсүн -18…-23°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт