Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну Марат Сарбагышев жашоо шартынын начардыгынан КРдин президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кат жолдоду. Ал жубайы Айнура Сарыбагышева экөө сегиз баланын ата-энеси, учурда дагы эгиздерин күтүп жатышат.

Жубайлар туруктуу турак жайы жок болгондуктан жеке чарбакердин мал сарайында, вагондо күн кечирүүдө. Мындан улам 5 баласын мектеп-интернатка өткөрүп бергенге аргасыз болушкан. «Үй жайлуу болуп калсам, балдарымды кайра чогултуп, өзүмдүн аталык тарбиямды берет элем» дейт Марат Сарбагышев. Анын үй-бүлөсүнөн аймактык кабарчы кабар алды.

«Панфилов районуна караштуу Букара айылынын тургуну болом. Өзүӊөр көрүп тургандай, турмуштун азабын тартып келебиз. Үй жайсыз отурганыбыз аз келгенсип, балдарымды жетиштүү тамак-аш менен камсыз кыла албай же кийинте албай, анын айынан толук кандуу үй-бүлө болуп жашай албай келебиз. Ата катары өз балдарыма татыктуу тарбия бере албай келе жатканыма капаланам. Азыр бир ишкердин малын карайм. Ушул киши берген эски вагондо баш калкалап жашап келебиз. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет экен. Тапканымды каякка жеткиреримди билбей, айлам кетип, коомчулуктан, мамлекет жетекчилеринен жардам сурап жатам. Бала ыйлабаса эмчек кайда деген кыргыздын макалын эске алуу менен өз шартымды сиздерге түшүндүрүп берейин. Келинчегим экөөбүздүн теӊ жогорку билимибиз жок. Билимдүүлөр жумушу жок үйдө отурган заманда, биз окшошкондорго каяктагы жакшы жумуш? Өзүбүз жаш болгонубуз менен көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарындабыз», — деди ал.

Марат Сарбагышев суук аркырап кирип, жаандын суусу тамган вагондун абалын көрсөтүп, өзүнө караштуу турак үй көздөн учуп, асмандагы ай сымаал кол созсо да жетпечүдөй болуп турган убагы экенин жашырган жок.

«Биз жашаган вагондо адам эмес, жандык жашап кетүүгө шарт жок. Адам ит жандуу дегендей, ошонун барына да сүйүнүп, ыраазы болуп турган убагыбыз. Өзүм 1980-жылы жогоруда аты аталган айылда туулгам. Жумушубузга байланыштуу, малдын артынан жүргөндүктөн балдарыбызга камкор болуп, жетиштүү көӊүл буруп, камсыздап карай албагандыктан мектеп жашындагы балдарыбызды интернатка өткөрүп бергенбиз. Өзүӊүздөр деле сезип билсеӊиздер керек, ата-энеси бар туруп, жашоонун кыйындыгынан, оор турмуштун азабынан тирүүлөй жетим болуп жашап келе жаткан өспүрүм курактагы балдарымдын азабын. Ата-энеге болгон кусалыкты, сагынууну, кайгыны душманыма да каалабас элем. Үңкүр да болсо үйүм жакшы дегендей, өзүмө тиешелүү үйүм болсо, толук кандуу үй-бүлөө болуп, балдарымдын кашында отурганга эмне жетсин. Сокурдун тилегени эки көз дегендей, бизге да үй көздөн учуп, асмандагы ай сымаал кол созсок да жетпечүдөй болуп турган убагыбыз.