Илим Карыпбеков  КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуудан баш тартты. Ал мындай чечимин  бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин алдында билдирди. Илим мырза,  КТРКнын жетекчилигине талапкер болуп чыкканы  тандоо түрүн кызыктуу кылганын жана  баш тартышына эч ким басым жасабаганын баса белгиледи.

Байкоочу кеңеш бүгүн башкы директорлукка талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүп жатат. Буга чейин маалым болгондой  жалпысынан 22 адам документин тапшырган, алардын 19у менен аңгемелешүү бүгүн жүрүп жатат. Азырынча бийлик жактыра турган талапкер катары ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун аты аталууда

Талапкерлер:

  1. Мирбек Мурзабеков
  2. Мирлан Самыйкожо
  3. Болотбек Тиллебаев
  4. Ибраим Нуракун уулу
  5. Малика Курманова
  6. Галина Байтерекова
  7. Куттумидин Базаркулов
  8. Адил Турдукулов
  9. Жылдыз Муслимова
  10. Алим Токторов
  11. Сюита Соурбаева
  12. Дүйшөк Мамбетөмүров
  13. Сураган Досумбаев
  14. Ишен Айтмамбетов
  15. Абдухалил Акматов
  16. Замирбек Казакпай уулу
  17. Эркинай Эшанкулова
  18. Илим Карыпбеков
  19. Жайнак уулу Үсөн