Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы Биринчи май  РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аркети менен кылмыш иши  катталганын билдирди.
Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1988-жылы туулган М.Н. кармалды. Ошондой эле бул кылмышка катышкан деген шек менен 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалды. Үчөө тең аял кишилер. Ымыркайды 190 мин сомго баалашкан. Баланын энеси алдына -ала 5 мин сом алган. Алар төрөтканада иштешери айтылууда

Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.