WhatsApp мессенджеринин негиздөөчүлөрү тиркеме аркылуу ушак таратып, дүрбөлөң жараткандар менен күрөшүүнү улантуу мксатында жаӊы тиркеме ойлоп табышты. Эми вотсап  колдонуучуну анын макулдугу жок тайпага кошууга тыюу салынат.

Эгер колдонуучу тайпага кошулуу тууралуу сунуш келгенде аны кабыл алып же баш тартып койсо болот. Өзгөрүүлөрдү алгачкылардан болуп Android үчүн ылайыкталган WhatsApp колдонуучулары байкай алат. Кийинчерээк аны iOS программалык камсыздоо үчүн ылайыкташтырышат.