—Нурбек мырза, картошка маселеси бүгүнкү  күндө абдан актуалдуу болуп жатпайбы. Жакында Өзбекстанга барып, сүйлөшүү жүргүзүп келдиӊиздер. Бул маселенин чоо-жайын толугураак айтып берсеӊиз?

—2016-2017-жылдары Кыргызстандын картошкасынын 80 пайыздан ашыгыраагы Өзбекстанга экспорт болгон. 2018-жылы да Өзбекстанга экспорттоо пландалган.  Бирок тилекке каршы, өткөн жылы Өзбекстанга бизден тышкары  Россия, Казакстан, Пакистан мамлекеттеринен картошка көп киргендиктен баа төмөн болду. Себеби, Өзбекстанда картошкага 20 пайыз НДС бар. Бизде да ушул

себептен картошканын баасы көтөрүлгөн жок. Жакында биз Өзбекстанга барып, картошка маселеси боюнча тиешелүү министрлик, элчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Алар биздин картошканы Өзбекстанга киргизүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин билдиришти. Биз биргелешип бир-эки келишимге кол коюп келдик. Андан тышкары, жеке ишкерлер менен жолугуп, сүйлөштүк. Бирок картошканын баасы дыйкандар күткөн баага чыкпагандыктан, өкмөт бул маселени чечүү үчүн биздин министрлик да, дыйкандарды да колдоп, темир жол баасын түшүрүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Кудай буюрса, ишкерлерибизге, дыйкандарыбызга картошкасын темир жол аркылуу Өзбекстанга ташып барганга  ыӊгайлуу шарт түзүлөт.

—Негизи 2018-жылы  жалпысынан канча тонна картошка өндүрүлдү? Нормадан канча көп болду?

—Өткөн жылы республика боюнча 84 миӊ  40 гектарга эгилип, жалпысынан түшүм 1 миллион 450 миӊ тонна болду. Бул көрсөткүч 2017-жылдагы түшүмгө салыштырганда 80 миӊ тоннага көп. Бирок бул ашыкчасы эч кандай деле трагедия эмес, бирок баа болбой калганы көйгөй болуп калды. Өзбекстанга өткөн жылы бизден тышкары дагы 3 мамлекет картошка киргизип жатканын айттык. Бирок биздин картошканын сапаты башка мамлекеттердикинен жакшы болгондуктан биз өзбек  базарына тоскоолдуксуз кире алдык. Буга чейин Өзбекстанга бизден темир жол аркылуу 4800 тонна, машина менен 200  миӊ тоннадан ашык картошка экспорттолду. Биз Өзбекстанга жеке ишкерлерди алып барып, 5 миӊ тоннага келишим түздүк. Андан тышкары, бүгүнкү күндө күн сайын Өзбекстандын ондон ашуун компаниясы келип картошка алып кетип жатышат. Мына өткөн жумада мен өзбектин бир ишкерин кабыл алдым. Ал бизден 100 тонна картошка алып кетти. Биз ага министрликтен адистерди кошуп бергенибизде алар уюштуруу иштерин жүргүзүп беришти.  Ал эми баа меселесине биз кийлигише албайбыз, ал жагын негизинен базар аныктайт да. Кудай буюрса, жакын арада дыйкандардын кампалардагы, оролордогу картошкасын ушундай жол менен сатып түгөнткөнгө бүт аракетибизди жумшайбыз. Өткөн жылдагы статистика боюнча да республика боюнча картошка ушундай темп менен сатылып бүткөн.

—Казакстан эмне үчүн биздин картошканы чирип кеткен деп киргизбей жатышат? Мунун чоо-жайын иликтедиӊерби?

—Казак тарап менен өкмөттүк деӊгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казак тарап биздин картошкада “немотода” деген ооруну аныктап чыктык дегендей кылып жатышат. Негизи менимче, Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстан жана Тажикстанда фитосанитардык абал бирдей эле да. Казакстанга, Өзбекстанга буга чейин эле  миӊдеген тонна картошка экспорттолуп келди да. Ушул убакыттын ичинде бир да жолу картошкада “немотода” бар деп доомат коюшкан эмес. Эми эле ошол эле картошкада кандайча “немотода” пайда болуп калганы түшүнүксүз. Бар деп айтыш кыйын. Эгер  андай оору боло турган болсо, күзүндө эле аныкталышы керек эле.

—Быйыл дыйкандарга  айыл-чарба азыктарынан кайсыны көбүрөөк айдоону сунуштап жатасыздар?

—Акыркы 7-8 жылдан бери картошка республика боюнча 80 миӊ гектардан 85 миӊге чейин эгилет. Быйылкы жылы деле 80 миӊ  гектардын тегерегинде айдалат. 80 миӊ гектарга 250 миӊ тонна картошка үрөнгө кетет. Биз сапатына көбүрөөк көӊүл бурушубуз керек болуп жатат. Мына ушул багытта да бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Быйыл биз дыйкандарга көп жылдык чөптөрдү эгүүнү сунуштап жатабыз. Жалпысынан республика боюнча 382 миӊ гектарга чейин жеткирүүнү максат кылуудабыз. Эмнеге дегенде жыл сайын мал көбөйүп жатат. Ошондой эле төө буурчакты да көп айдашса дейбиз. Бирок төө буурчактын баасын дүйнөлүк биржа аныктап жатпайбы. Баа маселеси ошого жараша ар кандай болуп калууда. Мисалы, азыр биржада баасы көтөрүлдү, фасол 60-65 сомдон тосколдуксуз көтөрүлүп жатат. Мен маалымат катары айта кетейин: фасол республика боюнча 64  миң гектарга, пахтанын да көлөмү көбөйүп, быйыл  25800 гектарга жетти. Ал эми кант кызылчасын  эки завод биригип биз 17-18 миң гектардан ашырбоону сунуштаганбыз, ошондон улам быйыл 16 миң гектарга айдашмай болду. Ал эми буудай жалпысынан 241 миң гектар жерге айдалат. Бул көрсөткүч былтыркыдан 12 миң гектарга аз. Негизи жылдан жылга буудай эгүү азайып баратат. Себеби, Казактандан бизге көп көлөмдө буудай кирип жатпайбы. Ошондой болсо да биз азык-түлүк коопсуздугун эске алып, көп айдоону сунуштайбыз.  Мындан тышкары, көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды да айдоону сунуштап жатабыз.

—Жаздын алгачкы айынын босогосунда турабыз. Силер тараптан жазга даярдык кандай. Сиздер дыйкандарга кандай жардам көрсөтө аласыздар?

Дыйканга негизинен: сапаттуу үрөн, күйүүчү май,  суу, жер семирткичтер  керек. Биз бул маселелер боюнча колдон келишинче аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы, сугат  иштерин камсыздоо боюнча жылына 236 миллион сом бөлүнөт. Бул акчанын 80 пайызына 1-майга чейин Суу чарба депатаменти республикадагы мамлекеттик суу каналдарды, насосторду оңдоодон өткөрөт.

Ал эми жер семиркичтер жылына  бизге 140 миң тоннага чейин керектелет. Учурда бул көлөмдүн 40 пайызын даярдадык. Жакында Өзбекстанга барганда да ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Үрөн боюнча айтсак, дыйкандардын 60-70 пайызы сапаттуу үрөнгө басым жасабай эле, колдо баарын эгип келишкен. Эми сапаттуу үрөндү датациялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштадык. Буюрса, ал мыйзам кабыл алынып калса, дыйкандарыбыз 2021-жылдардан тарта үрөндү азыркы баага салыштырмалуу 30 пайызга арзан алып калышат.

—Эми сөз соңунда өзүңүзгө карата айтылып жаткан сындар боюнча кеп кылалы. Сизди чынында акыркы учурларда сындагандар көп болуп жатат. Мисалы: “Өзүнө тагылган милдетти аткара албай жатат, кызматтан кетсин”- деген кептер айтылууда. Сиз  мындай сындарды кандай кабыл алып жатасыз?

—Негизинен мен эч кандай маселе кылбастан айтылган сындардын көбүн туура эле кабыл алам. Биз колубуздан келишинче талапка ылайык иштерди аткарганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Биз реформа багытындагы көз карашыбызды өкмөткө бергенбиз. Эми өкмөт колдоп берсе, ага ылайык бир топ өзгөрүүлөр болот. Буга чейин жалпы штаттан 10 пайыз кыскартып, башкармалыктарды  жоюп, баарын бөлүм кылып салдык. Эми департаменттерди башка багытта иштегенге алып барабыз. Кыскасы, оптимизация дагы да жүргүзүлөт. Азыр баарын айтууга эртелик кылат. Бирок биздин министрликтин түзүмүндө өзгөрүүлөр болот. Ал эми отставка маселесин да козгогондорду да угуп жатабыз. Мага кызматтан кетүү кыйынчылык деле жаратпайт. Бул кызматта  2,5 жылга жакын убакыттан бери иштеп жатам. Бул убакыттын ичинде бир топ иштерди жасадык. Жасала элек, алдыда жасай турган иштерибиз көп. Мына ошол пландалган иштерди аткарып, министрликтин ишин кыйла жөнгө салып коюп, анан кызматтан кетсем туура болот деп ойлойм.

Айбек  ШАМШЫКЕЕВ