Нарын районунун Орто-Нура айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул  тууралуу Нарын облустук ЖКККБ билдирди.

Маалым болгондой, 26-февраль күнү саат 15:15 чамасында «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташуучу «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Натыйжада окуя болгон жерден эки адам каза болуп, бир адам ооруканадан каза тапкан. Ал эми үч адам денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда факт боюнча иликтөө жүрүдө.