Илим менен техниканын өнүккөн заманында китеп окугандардын саны кескин азайып кеткендигин адабиятчылар өтө трагедия катары кабыл алышты. Билимге суусаган окуучу жана студенттер интернеттен электрондук китептерди окушат. Бирок, алардын 15 пайызы гана мээде калып, калган маалыматты мээ кабыл албашын окумуштуулар айтышууда. Ал эми, кагаз китептин бетин ачып, ар бир бетти окуганда жок дегенде 40-50 пайыз мээде калат. Ошондуктан, электрондук китепке караганда кагаз китептин билимге кошкон салымы көбүрөөк дешет алар.

Кээ бирлер китептен көзүн албаган балдарын урушуп, андан көрө спорт менен машыгуусун талап кылышат. Бирок, алардыкы да туура, кечке отура бергенден организмдин иштөөсү жайлай баштайт эмеспи. Ошондуктан, маал-маалы менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу да көптүк кылбайт. Ал эми китеп окуу башка органдарды иштетпесе да, мээни машыктырат. Мисалы, бала кезден эле балдардын китептерин, жомокторду, таанып-билүүчү китептерди окуган балдардын таанып-билүүсү китеп окубаган балдардыкына караганда дээрлик өйдө тураарын мугалимдер такай айтып келишет. Кичинекей кезинде китеп окуган бала телевизор, интернет жана сүйлөшүүдөн да көп маалымат ала алат.

Телевизор көргөнгө караганда  китеп окуган учурда мээ 1,5 эсе көп сөздү түшүнөт

Бул жаатта анын канча сөз окугандыгына байланыштуу эмес. Китеп окуу мээнин көп бөлүгүнө таасир этет. Андай машыгуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, бир нерсени бат кабыл алып, бат жаттоого болгон жөндөмдү арттырат. Жашында китепти көп окугандар карылыкта “алжып калды” деген сөздөн алыс болушат.

Альцгеймер оорусунан сактайт

Кейза университетинин изилдөөчү окумуштуулары дайыма китеп окуп, ар кандай баш катырмаларды чечип, шахмат ойноо менен аты жаман Альцгеймер оорусунан оолак болоорун айтышты. Себеби, өнүккөн мээде ар кандай ооруга карата атайын иммунитет иштелип чыгат. Айрыкча нерв ооруларына туруштук бере алат дешет алар.

Жашоону узартат

Йель университетинин окумуштуулары болсо 12 жыл 50 жаштан ашкандарды көзөмөлдөшкөн. Кантип? Ал окумуштуулардын санагына караганда такай китеп окуган адамдар, гезит-журналды кошпогондо китеп окубагандарга караганда 2-3 жыл көбүрөөк жашай турганын байкашкан. Жумасына болгону 3,5 саат убактыңызды китеп окууга бөлгөн болсоңуз, анда 17% жашооңуз узарат экен. Эгерде андан көп убакыт китеп окуган адамдар болсо алардын өмүрү 23%га узарат.

Китеп окуу тынчтандырып, уктаганга жардам берет

Китеп окуу менен мээнин чарчоосун кандырса болот. Акыркы учурларда уктай албай, ар кандай дарыларды ичип, физикалык жактан өзүн кыйнап араң уктагандар көбөйбөдүбү. Окумуштуулар антип кыйналбай эле, жатаарга 1 саат калганда 15-20 мүнөт китеп окуп, тынч уктаса болот дешет. Көздүн көрүүсү үчүн китепти жатып алып окуу зыян. Бирок, дал ошентип жатып алып окуп жатып уктап калууга болот. Себеби, китеп чарчаган мээни калыбына келтирип, бир күндө чогулган стресстен 68%га чейин арылтат. Ошондуктан кээ бир ооруканаларда уктай албай жаткан бейтаптарга 20 мүнөт китеп окууну сунушташат.

   Самара  САЛАМАТОВА