Президент Сооронбай Жээнбеков аймакты өнүктүрүү боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө «Мамлекетти өнүктүрүү үчүн чакан, орто, чоң бизнести колдоого алуу керек»- деп билдирди.

«Чакан бизнести колдоого алыш керек. Себеби чакан бизнес орто бизнеске, орто бизнес чоң бизнеске айланат. Кечирип койгула, ишкерлер уйдай эле, жакшылап жем-чөп менен баксаң, ошончолук сүт берет. Шартты мыкты түзсөңөр жумушчу орундар пайда болот, салык төлөшөт, бюджет көбөйөт. Анын эсебинен мугалим, дарыгерлердин маянасы жогорулайт», — деди Жээнбеков.