Белгилүү болгондой ШКУнун кезектеги саммити  быйыл Бишкекте өтөт. Ага азыртан даярдыктар көрүлүп жатканы маалым. Саммитке карата эксперттер, саясат талдоочулар да өз көз караштарын айта башташты.

Бакетаев Бакыт

Белгилүү саясат талдоочу Бакыт Бакетаев болсо ШКУнун Парламенттик ассамблеясын   түзүп, анын имаратын Бишкекке курууну сунуштады. Негизи бул маселе 10 жыл мурун козголуп, бирок ишке ашпай, кагаз бетинде калып кеткен. Дүйнөдөгү ОБСЕ, Европа биримдиги баштаган чоң уюмдардын парламенттик ассамблеялары бар. Бул багыттан алып караганда ШКУнун да өзүнчө парламенттик ассамблеясы болуш керек. Бакетаев,  ажо быйыл ЖКУ саммитинин төрагасы катары бул сунушту аталган уюмга кирген президенттерге сунуштаганга чоң мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи. Эми бул маселеге бийлик көңүл бурабы, же бурбай коёбу, аны убакыт көрсөтөт.