Азыр биздин коомдо баланы уруп-согуп, өз билгенин жасап, зордуктап, өлтүрүп салгандар көбөйдү. Жүрөк үшүн алган ушундай кылык-жорукка “адамдар” эмнеге барып жатышат? Аларды айбан жасабаган ишти жасоого, маңкурттукка, караөзгөйлүккө, мыкаачылыкка, көк мээликке ким же эмне түртүп жатат? Балдардын алсыздыгынан, аруулугунан пайдаланып, ар түрдүү жийиркеничтүү жана эч убакта кечирүүгө болбогон иштерди адам баласы эмнеге жасайт? Аларга –өлүм!-деп бир эмес, миң ирет айткың келет.

Албетте, ар бир коомдо ушундай “иттер” бар болчу. Бирок, бүгүнкү күндөгү цифралар мындай иштерди кайсы жол менен токтотуу керек деп ой калчоого аргасыз түртөт. Айтмакчы, бул цифралар гана. Ал эми турмушта көмүскө калгандар андан көп болушу мүмкүн.

Барган сайын кылмыштуулук азайган менен, угуп адам чыдагыс кылмыштын түрү көбөйдү деп билдирет ички иштер кызматы.  Бирок, жакында кабыл алынчу Жаңы Кылмыш (Жазык) кодексинде ушул балдарга карата жасалган кылмыштын жазасын тартуу маселеси да гумандаштырылып кеткени кызык болууда. Маселен, эски кодекстин 129-беренесинде жашы жете электерге карата жасалган кылмышта 15-20 жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратуу каралса, жаңы кодекстеги 161-беренеде зордуктоо үчүн 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылганы белгилүү. Башкача айтканда, 5-7 жыл кыскарган. Эмнеге? Кайсы арыбызга да, кайсы жыргаганыбызга? Ушундай соттук-укуктук реформалардын кимге кереги бар?

Ички иштер министрлигинин жакында журналисттерге берген маалыматына таянсак, 2018-жылы өлкөбүздө балдарга карата 1,5 миңге жакын кылмыш иши катталган. Алардын айтуусунда, балдарга жасалган кылмыштын саны жылдан жылга өсүп баратат. Алсак, Кыргызстанда 2016-жылы 862 кылмыш катталган болсо, 2017-жылы 1107 кылмыш катталган. Ошондо, 2017-жылы кылмыштын саны 28 пайызга өскөн. Ал эми, 2018-жылы 24 пайызга өсүп жатат. Анын 13үндө өлтүрүү болгон.

Ал эми, учурда өлкөбүздө 15 миңден ашык өспүрүм ата-энесиз жашайт деп жатышат. Антип атса, жакында ата-энесинин кароосунан сырт калган жети бөбөк Россиядан алынып келинди. Алардын эң кичинеси эки айлык ымыркай болсо, эң чоңу 3 жашта экен.  “Жетим балдардын укугун коргоо” фондусунун жетекчиси Игорь Беляев Кыргызстандагы балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата –энеси бар экенин билдирди. Ал эми, учурда өлкө аймагында 8000ден ашык бала муниципалдык, жеке менчик жана диний балдар үйлөрүндө тарбияланып жатат. Арийне, алар ал жерден кандай тарбия алып жатат? Ошол балдар үйлөрү ата-эненин сүйүүсүн бере алабы? Бул чоң суроо.

Эми, жетим балдар үйлөрүн жоёбуз деп жатабыз. Антсе, ата-энеси алыс болгон бөбөктөргө туугандарынын мамилеси кандай болот деп кабатырланасың. Айтор, ата-энесиз жашаган баланын жашоосу курусун.

Ушунун баарын карап туруп чын эле адамдар кайда бара жатабыз деп сурап бүтпөйсүң. Буга себепкер жетишпеген жашоо дейли десек, “ачкадан өлүптүр” деген бир да факты уга элекмин. Бул жерде негизги көйгөй напсинин бузулушу, адамдардын басымдуу бөлүгү кантип “гүл турмушта” жашайм деп стресске, депрессияга кабылып жатканыбы деп коем. Анан гүл турмушка умтулган ата-энелер балдарды экинчи планга калтырган. Өзгөчө, советтер союзу тарап, башаламан заманда өсүп калган муун эптеп байысам деген тарбияда чоңоюп калды. Биз ошондогу бир муунду жоготтук. Бирок, азыр да жыргаган муун тарбиялап жатканыбыз жок. Ошол учурда башаламандыкта ата-эне “эми эмне болот?” деген кооптонуу менен жашаса, азыр деле андан кем калбаган кооптонуу бар. Ал кооптонуу: “Кантип байыйбыз?” “Кантап той беребиз?” “Кантип бийликке жетебиз?” Ал эми, “Кантип рухубузду байытабыз?” “Кантип мамлекетке салым кошобуз?” “Кантип келечек муунду тарбиялайбыз?” дегендер жокко эсе.

Руханий байлыктын жетишсиздигинен, адамдардын нравасынын бузулушунан, ички агрессиянын, ички конфликтин өсүп кетишинен, мамлекет тарабынан улуттук идеалогиянын жүргүзүлбөгөнүнөн, мектептерде бул ишти алдына алган атайы сабактар болбогонунан биз айткан кейиштүү окуянын баары болуп жатат.

Арабызда “үй-бүлөлүк институт бекемдеш керек, элетте активисттер менен иш-чараларды арбын өткөрүү зарыл, мектепте балдарга үй бүлө тууралу тарбиялык сааттарды, жумасына бир ирет психологдордун сабагы өтүлкөрүлсүн, жергиликтүү органдар кварталына чогулуп, ушундай окуяларды изилдеп, себебин билсин, ар бир үй-бүлө менен, өзгөчө ички, сырткы мигранттардын балдары багылган үй-бүлөлөрдө иш жүргүзүлсүн” деген сунуштар туура айтылып жатат.

Өтө өкүнүчтүүсү, азыр балдарга карата жасалган зомбулук чоочун адамдар тарабынан эмес, жакын туугандары аркылуу болууда. Жакын тууган ким болуп кетиптир, өзү жашоо берген энеси тарабынан эки баланын бирдей мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн көрүп туруп жүрөк титирейт. Биз балдарды өз ата-энесинен коргошубуз керек деген маселе көтөрүп жатканыбыз- биздин тунгуюкка камалып калганыбыздын далили эмей эмне? Бул кандай өкүнүчтүү жана коркунучтуу.

Биздин коомдо күнөөлүүлөр татыктуу жаза албаган үчүн ушундай окуялар болуп жатат дегендер да арбын, алар өлүм жазасын кийирүү зарыл болуп турат дешет. Өзгөчө, жашы жете элек наристелерди зордуктаган “аңгилерди” атыш керек дегендер көп. Бирок, ошол эле учурда ал иш жакшы изилденбесе, кай бир учурда күнөөсүздөр жазаланып калабы деген да көз караш бар. Бирок, ошондой жорукту жасап жатканын көргөндөр болсо, далилдер болсо, эмнеге кылмышкерди аяшыбыз керек?

Советтик эң белгилүү маньяк Чикатило 53 кылмыш жасаганга чейин 12 жыл бою жашыруун жүргөн. Ал 9 жаштан 16 жашка чейинки 7 жеткинчекти өлтүргөн. Анын ордуна 29 жаштагы Александр Кравченко өлүм жазасына кабылган. Андан кийин дагы бир кылмышка шектүү 50 жаштагы  Анатолий Григорьев өз жанын кыйган.

Бир кызык жери, ошол кездеги эң мыкаачы кылмышкерлер Ростов облусунан чыккан. Чикатило, Муханкин, Черемухин жана “Электрик”, “Лифтер” деп аталган жан алгычтар ушул облуста турушкан. Акыркы 10-12 жылда бул өрөөн сериялуу өлтүрүү боюнча дүйнө чемпиону болуп кала жаздаган. Окумуштуулар муну өзгөчө климаттык шартка жана социалдык жайлуулуктун жоктугуна байланыштырган. Анан да, адистердин айтымында, жакын жерде мыкаачылык менен жасалган кылмыштын болушу башка ушундай кылмыш кылууну каалагандарды, бирок, чыгынбай жүргөндөрдү да ойготот экен.

Бул кылмышкерлер өз башы менен кетсин дейли, айтайын дегеним, “бул жерде тиги баланы зордуктады, бул баланы сабады” деп биз берип жаткан маалыматтар башкаларга сабак болуп бере алабы? Жашы жете элек улан-кыздарды, наристелерди зордуктаган учурларды баарылап айтып, көрсөтүп, жазып ызы-чуу түшүргөн менен, кимибиз аларга кол сунуп, жардам берип жатабыз? Социалдык желелерде үйүбүзгө олтуруп алып талкууламыш болгон менен, ал балага эмне пайда алып келип атабыз? Ошол балдардын тагдырына балта чапкандардар кандай жаза алып атат? “Айбандар” өзүнүн кылганы үчүн татыктуу жооп берип жатабы? Чындыгында, балдардын аруу  дүйнөсүнө Кудайдан, өз абийиринен коркпой кол салгандарга аёо жок болушу керек!

Жумагүл БАРКТАБАСОВА