Германиядагы  Бенсхайм шаарында куткаруучулар тобу канализациянын капкагына (люк) тыгылып калган чычканды куткарышты. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Алгач чычканды куткаруу үчүн жаныбарларды коргоо уюумунун өкүлү  Михаил Зере келип, чычкан семиз болгондуктан чыгара албай койгон. Ал куткаруу кызматын чакырып, акыры өрт өчүрүүчүлөр келип, люкту ачып астынан чычканды тартып алышкан.

Жергиликтүү булактар бир чычкан үчүн  көп убакыт коротуп, ушунча ресурсту убара кылуу туурабы- деп жазып чыгышкан.

Чыканды сүрөткө тартып алгандан кийин, кайра канализацияга кое беришкен.