Кыргызстандын борбор шаары 2019-жылдын 14-15-июнунда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярданууда. Бул окуя Кыргызстандын саясий турмушундагы эң маанилүүлөрүнүн бири экени талашсыз. Өзүнө жалпысынан алганда калкы  үч миллиарддан ашкан калкты камтыган өлкөлөрдүн уюмуна төрагалык кылуу ардактуу жана өтө жооптуу иш. ШКУ жалаң  регионалдык коопсуздук, терроризм жана экстремизге каршы күрөш кана эмес, ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну да максат кылат. Андан улам,  бул саммит Кыргызстан үчүн экономиканы өнүктүрүү жана калктын жашоо турмушунун сапатын көтөрүү үчүн да маанилүү болушу мүмкүн.

Бул  саммиттин алдында өлкөнүн экономикасы кыйла басаңдаган абалда турат. Өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча ички дүң продукциясы коңшуларга салыштырмалуу эң төмөн болду, тышкы инвестициялардын көлөмү дээрлик отуз пайызга кыскарып, ишканалардын көбү, калктын басымдуу бөлүгү насыяларда отурат. Көпчүлүк эски карыздарды жабыш үчүн жаңы карыздарга батып, кыймыл-аракеттен түшкөн пайданын бардыгы карыздарды, насыя боюнча үстөк пайызды жабууга кетип, көпчүлүктүн маанайын жакшы деп айтууга болбойт.

Бул кырдаалдан чыгуу, бир чети жеңил эле – инвестицияларды тартып, жаңы өндүрүш, мекелемерди ачуу, жумушчу орундарды пайда кылуу ж.б.у.с.  Экинчи жагынан болсо – бул Кыргызстандын эң орчундуу маселеси – мисалы, былтыркы жыл кытайлык инвесторлорго (“баскынчыларга”) каршы күрөшүү демилгесинин алдында өттү. Мында кандайдыр бир туңгуюк пайда болду – өлкөгө инвестициялар керек, инвестициялар Кытайдан гана келиши мүмкүн, бирок калктын арасында кытайлык инвестицияларга каршылык уламдан улам жогорулап баратат. Акыры жүрүп отуруп, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун “кимде ким эл аралык мамилелерди бузуп, өлкөдөгү стабилдүүлүккө бүлүк түшүргүсү келсе  мыйзам чегинда жоопко тартылат” – деген эскертүүсү гана абалды суутту.

Кыргызстан Кытайды стратегиялык өнөктөш катары кабыл алат, бирок өткөн жылда бул өлкөдөн келген инвестициялардын көлөмү 45 пайызга төмөндөп кеткени кытайлык компанияларга кыргызстандык рыноктун кызыгы жок болуп калганынан кабар берет. Бир өлкөгө акчаңды салып, өндүрүштү көтөрөйүн деп жатканыңда, сени  баскынчы катары кабыл алып жатса кимдин келип иштегенге кызыгы болот? Андан улам, бул абалды калыбына келтирүү эми өтө эле кыйын болуп калышы ыктымал – инвестициялардын агымы Кыргызстанды кыйып өтүп, өзбек коңшуларды көздөй бет алды. Бир-эки жылдан кийин  “экономикалык дүркүрөөнү” эми Өзбекстандан күтүүгө мүмкүн. Өзбекстанда экономикасына 100 миң доллардын көлөмүндө акча салган бизнесменге жергиликтүү жашоочунун укугу берилмек болду – деп кытай ишкерлерине жакын адамдар билдиришүүдө. Кыргызстанда мурдатан бери иштеп жаткан кытай ишкерлеринин айтымында, алардын Кытайдын ичиндеги, Гонконг жана башка аймактагы өнөктөштөрү Кыргызстан тууралуу эң терс пикирде болуп, эми биздин кошунабызга кызыкчылыгын арттырып жатышат. Балким өз учурунда биздин өкмөт кытайлыктарга каршы маанайды жазып, инвестиция тартуу жана өлкөнү карызга батыруу – эки башка нерсе экенин жеткиликтүү түшүндүрө алганында, кырдаал башкача болмок. Инвестициялар  — бул иштеп, киреше алып келүүчү, жаңы капиталды жаратуучу  каражат. Сырттан келип, чиновниктерди чөнтөктөрүнө сиңип кеткен акча менен салыштырууга болбойт.

Мунун ордуна чиновниктер инвесторлорду жергиликтүү калк менен жекеме-жеке калтырып коюп,  ким кандай уруксаат, укук боюнча иш жүргүзүп жатат, эмне үчүн кандайдыр бир компания тигил же бул кенди иштетиши керек, кайсы мыйзам менен иш жүргүзөт жеткиликтүү түшүндүрүп беришпейт. Же түшүндүргүсү келбейби. Акыры отуруп, Кыргызстанга келип иш кылам дегендердин саны кескин кыскарып бара жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан дүйнөдөгү саясий жана экономикалык лидерликке ат салышып бара жаткан аймактын так четинде турат. Бул баягы арзан оокат чыгарып, бирөөнүкүн туурап жасап жаткан Кытай эмей, технологиялык чөйрөдө Америка Кошмо Штаттарынан ашып өтүүнү максат койгон мамлекет. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь 2030-жылга чейин жаратма интеллектти (искусственный интеллект) боюнча АКШны артта калтыруу максатын койду.

Учурда Кытай интернеттин келечектеги баскычын – квант интернетин өздөштүрүп, жакынкы арада атаандаштары кууп жетпей калышы мүмкүн. Квант интернетин хакерлер талкалай алышпайт жана ал жарыктын ылдамдыгынан 10 миң эсе тез! 2016-жылы мейкиндикке чыгарылган “Мо-цзы” космос спутниги квант технологияларын өнүктүрүүдөгү катуу жетишкендик болуп, Кытайды бул тармакта лидерликке чыгарды. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, спутник континент аралык квант желесин түзүүгө мүмкүндүк берип, бул глобалдык квант интернетин түзүүгө негиз болот. Буга жаратма интеллект чөйрөсүндөгү изилдөөлөргө Кытай 150 млрд. АКШ долларын бөлүп жатканын эске алганда жакынкы арада бийик технологиялар тармагындагы лидер ким болору айтпаса да түшүнүктүү. Буга дагы бир нерсени кошумчалап, Кытай сланец газын казуу боюнча инновациялык технологияларга ээ болгонун айтуу керек. Бул өлкөдө мындай газдын изилденген эле запастары 30 трлн. кубметрден ашык  бааланат. Массалык маалымат каражаттарында акыркы учурда көп жазылып жаткандай,  кытайлык окумуштуулар бул тармакта накта революцияны даярдап жатышат жана алар иштеп чыккан технологиялар газды буга чейин мүмкүн эмес болгон тереңдиктер экологияга зыян тийгизбей казууга мүмкүндүк берет. Андан улам, кытайлык  Huawei жана  Xiaomi   iPhone жана  Самсунгдан калбай,  смартфондордун дүйнөлүк рыногунун лидерлеринин арасына чыкканы жалпыга маалым.

Мунун бардыгынын айтылганын максаты — назарды кай жагына буруу керек? – деген суроо. Биз эмнени өз пайдабызга өндүрө алабыз же бизден эмнени тартып алышы мүмкүн. Эмнени өз пайдабызга бура алабыз дегенге – “Бир жол – бир багыт” демилгесин караса болот. Бул глобалдык долбоор Жердин калкынын 63 пайызы жашаган аймакты камтып, жалпы баасы 21 трлн. АКШ долларын түзөт. Биздин катышуубуз мененби, же бизсиз элеби, Кытай бул планды эмне болбосун ишке ашырат. Башкы маселе – биздин өкмөт бул мүмкүнчүлүктү башкарып жаткан элинин жашоо-турмушунун деңгээлин жакшыртууга пайдалана алганы. Тескерисинче болгондо, биздин өлкө  чөлдө таза сууга толуп турган терең кудукту таап алып, колунда эч кандай идиш жок, сууга кантип жетүүнү билбей жаткан адамга өңдөнүшү ыктымал. Бул үчүн башкача — дүркүрөп өсүп, уламдан улам жогорулап бара жаткан — Кытай  бар экенин кабыл алуу зарыл.

                                                                                                             Жекшенбек  АБДЫСАТАРОВ