Өз элине тарых кечирбей турган чыккынчылык иш  кылып, мансап үчүн элди атып, Кыргызстандан диктатуралык өлкөгө качып кеткен канкор Бакиев жана анын ага-туугандарын мактап жазган жугундукор журналисттер-жазмакерлер жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Буга чейин Курманбек Бакиевге Бекен Назаралиев, Гүлжан Шерипбаева, Жаныш Бакиевге Адилет Айтикеев барып, жалаяктай маектерди алып, ал канкор бир туугандарды  болушунча апендинин кызындай мактап жазышып, коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Ал эми жакында Нургазы Анаркулов да качып жүргөн Акмат Бакиевге (Казакстанда) жетип барып, интервью алып келди. Анда Нургазынын Акмат акеси агасы Курманбекти болушунча мактап, Жээнбековдорду да бир топ көкөлөтүп, көз сөздөрдү айткан. Баса, Нургазынын Бакиев бийликте турган кезде “Ак жол” партиясына болушунча аюу кызматын өтөп, алар менен камыр-жумур боло түшкөн жайы бар. Анан ошол “таттуу” күндөрүн эстеп, бир чети эңсеп, эл катары боло албай, арамдарга жүгүрүп жатканы да ушундан десек болчудай. Бул  маселеде жердешчилик деген ит оору бар экенин эске алышыбыз керек. Ооба, Бакиевдин бийлиги  2010-жылы 7-апрелде 90 баланы аттырып, 1500ден ашуун адамды ар кандай деңгээлде жарадар кылган. Андан бери тогуз жыл ичинде канкорлордун огунун кесептинен жалпысынан жан бергендер түндүк аймактарынын эр-азаматтары эле. Эгер ошол маркумдардын арасында Бакиевдер үчүн АРЗЫМАТ болуп жаткандардын  тууган-урук, дос-туугандары болгон болсо, көрөт эле канкорлорду эңсеп Минскиге чейин барганын. Андыктан көп эле канкорлорду мактап, карс-карс каткырбай  маркумдардын сыздап олтурган ата-энелерди, арбактарды да ойлосоңор.  Кыскасы, Бакиевдерден өткөн аппак киши жок экенин эч уялбай эле айтыптыр. Албетте,  “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегендей Бакиевдер акылга сыйбай турган сөздөрдү айтып мактана берери бышык. Эл алардын айткандарын олуттуу деле кабыл албайт. Анткени алар “Чикотилодой” оорулуу адамдар эмеспи. Бирок ошондой канкорлорго барып, алардын атмагын ичип, аларды аталап, жугунду аңдыгын жугундукурлордо да эч бир намыс абийир деген калбаганы өкүнүчтүү. Албетте, Бакиевдерде акча мол. Аны мактап жазып жаткандарды кызыктарган  нерсе- дал ошол арам акча экени маалым. Буга чейин аттуу-баштуу эле ырчы Бек Борбиев да Минскиге барып, канкорлордун алдында туйлап ырдап келгени катуу сынга алынган. Ошентип, кыргыз элинин кас душман канкор Бакиевчилер  жугундукорлорду калеми менен өздөрүнүн сонун адам катары көрсөтүүгө жан далбастап жатышат. Э, жаланып-жуктанган жазмакерлер намысыңар болсо ошол урмат-сыйдан эчак калган эл душмандарына жүгүрүп барбагылачы. Уялып койбойсуңарбы. Акчадан да бийик турган абийир, адамкерчилик, намыс деген улуу нерселерди унутпасаңар. Уят дегенден такыр кул калсаңар, акчага жедеп кул болуп бүтсөңөр анда силер да түйүнчөгүңөрдү түйүп алып  Бакиевдердин жанына  кеткиле биротоло…

     Мирлан Акматалиев, Чүй облусу, Аламүдүн району 

 Булак: Багыт.кг