Укук коргоо органдарынын жетекчилери, айрыкча ИИМдин чоңдору крим дүйнөдөгү “каралар” тууралуу ооз ачса, асмандын башын сүйлөп, алардын баарын  ооздуктап койгонун айтышат. Бирок көп учурда алардын андай сөзү иш жүзүнө келгенде башкача болуп чыгып калат. Буга бир далил катары 25-февраль күнү Кой-Ташта катталган кылмышты айтсак болот. Ал күнү милицияга белгисиз адамдын сөөгү табылганын ошол аймакта иштеп жаткан куруучулар кабарлаган. Аны башка атып кетишкен. Иликтөөнүн натыйжасында маркум 23 жаштагы  врач-ординатор (Кыргыз-Славян университетинде окуган казак улутундагы студент) Атаныук Шерматов экени маалым болду. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болуп каза тапты деп эсептеп жатышат.  Аны айрым маалымат каражаттар  “каралар” эле атканын жазып чыгышты.  Маркум бир үйдүн жалгыз уулу болгон.