Бишкек шаарындагы жол кырсыктан катуу жаракат алган стилист Асел Мамбеткалиева ооруканадан каза болду. Ал бүгүн, 26-февралда каза болгонун жакындары айтышты.
Кырсык 7-февралда болгон. Катуу айдап келаткан айдоочу мамыны сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочу ошол жерден каза болуп, А.Мамбеткалиева ооруканага жеткирилген.
А.Мамбеткалиеванын артында 3 баласы калды.