Шаардык милициянын маалымат кызматы студенттин өмүрүн алганн массалык мушташтын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Окуя 23-февралдан 24нө караган түнү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир бала каза болуп, дагы бироо ооруканада.

«21-февраль күнү саат 1.57де Биринчи Май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө «Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткен, бирок жерине келгенде эч кимди тапкан эмес. Бир нече убакыттан кийин шаардык ооруканалардын биринен бычак жеген 19 жаштагы эки жигит түштү деген кабар келген. Бирөө операция маалында үзүлгөн», — дешти милициядан.

Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча 23-февраль күнү бир нече жигит ижарага алган батирде биринин туулган күнүн майрамдап, отурушка эки кызды чакырышат. Бир аздан соң жигиттер менен кыздардын ортосунда чыр чыгып, кыздар  телефон аркылуу өз тааныштарын чакырышат. Ошентип кыздарга жардамга келген балдар менен туулган күн өткөрүп жаткан балдардын ортосунда чырчыгып, эки бала бычак жеген.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, калгандары изделүүдө. Териштирүү ишетри жүрүп жатат.